• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Каракол суусуна чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Каракол суусуна чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, күн мурун, 13-августта Каракол капчыгайында 1987-жылы туулган эркек киши Каракол суусуна чөгүп кеткен. Издөө иштерине 30 куткаруучу жана жана жергиликтүү тургундардан 20 киши тартылган. "Маркумдун сөөгү бүгүн саат 13:07де куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий