• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Карды атайылап түшүрүү зарылдыгы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автожолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында 26-январдан 31-январга чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

"Аталган тилкелерде 31-январга чейин кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштери аткарылат. Иш-чараны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу жетектейт", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий