• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Карды мажбурлап түшүрүү иши бүгүн уланат

Коом 0

Бишкек, 19.01.18. /Кабар/. Кечээ, 18-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 246, 231, 223, 222 чакырымдарында жалпы 35 даана снаряд атылып, 43100 метр куб кар көчкү түшүрүлгөн. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн улантылат,-деп билдирет ӨКМ кызматы.

КР ӨКМдин алдындагы Гидрометерология агенттигинин кар көчкүгө каршы коопсуз бөлүмүнүн башчысы Абдрахман Ажикеев билдиргендей, кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларынын максаты бул кардын топтолгон жерин түшүрүп, коркунучту жоюу болуп саналат.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдары) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 16-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан. Ошого байланыштуу КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин буйругу чыккан.

Кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт, тиешелүү Жарандык коргонуу кызматтары тартылган. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу гана жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

Пикир

Оставить комментарий