• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Каза болгон жоокердин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаал чурунда каза болгон жоокердин жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун КР ӨКМнин республикалык өзүнчө куткаруу отряды тарабынан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сыны айылында жайгашкан №3 А.Молдокеев атындагы орто мектебинде спорттук иш-чара уюштурулду.

Иш-чара КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын экинчи өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын издөө-куткаруу тобунун 1-бөлүмчөсүнүн куткаруучусу мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жатып, 2018-жылдын 14-октябрында өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу учурунда каза болгон маркум катардагы жоокер Доолбек уулу Мирландын жаркын элесине арналды.

Бул иш-чарага жалпысынан айыл тургундарынан куралган 16 (он алты) команда катышып, волейбол, шахмат жана ордо оюндары боюнча мелдешишти.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер ыйгарылды.

-1-орунду 1997-жылы туулган Аксы району боюнча курама командасы ээлешип,

1-даражадагы диплом жана баалуу белек (муздаткыч) менен сыйланышты,

-2-орунду 1991-жылы туулган Аксы району боюнча курама командасы ээлешип,

2-даражадагы диплом жана баалуу белек (кир жуучу машина) менен сыйланышты,

-3-орунду 1998-жылы туулган Аксы району боюнча курама командасы ээлешип,

3-даражадагы диплом жана баалуу белек (телевизор) менен сыйланышты,

-4-орунду Сыны айылы боюнча курама командасы ээлешип баалуу белек (духовка) менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий