• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ Коомдук байкоочу кеңеш менен тыгыз иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 19.01.18 /Кабар/. 2018-жылдын 18-январы күнү КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда (ЦУКС) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы А.М.Мамбетовдун жетекчилиги алдында КР ӨКМдин Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, чогулуштун башталышында КР ӨКМдин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Жумабек Акматов кызматкерлерге Кеңештин жаңы курамын тааныштырды.

Чогулушта КР ӨКМнин Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн министрликте өткөрүлгөн иш-чараларга катыштырып, Кеңеш менен тыгыз иш алып баруу маселелери талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө 2017-жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, өзгөчө кырдаалдардын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында жана эл аралык уюмдар менен аткарылган иш-чаралар, министрликте өткөрүлгөн оптимизациянын жыйынтыгы жана жетишкендиктери жөнүндө маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий