• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ коомдук тамактануучу жайларда өрткө каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагындагы базарларда, коомдук тамактануучу жайларда өрткө каршы түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө базар ээлерине, ижарачыларына соода жайларындагы өрт коопсуздук чаралары, ал эми коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине, кызматкерлерине электр жабдыктарын, газ шаймандары колдонуудагы өрт коопсуздук чаралары, ошондой эле баштапкы шаймандарды колдонуу тартиби, өрт учурундагы аракеттер тууралуу нускамалар таратылды.

Бул багыттагы иш аракеттер ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий