• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ӨКМ: Коронавируска байланыштуу чалуулардын саны азаюуда

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 6 миң 49 чалуу болсо, анын ичинен 10 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча да маалымат беришти.

Алсак, 2020-жылдын 7-сентябрь күнү өлкө боюнча 59 миң 350 погондук метр унаа жолдор, 14 миң 390 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. ӨКМ тарабынан жалпы 248 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик тарабынан 6 кызматкер жана 1 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий