• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар, жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 16-декабрдан 19-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ушундай эле коркунуч Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында жана Каракол – Эилчек унаа жолунун 45-92-чакырымында күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, чынжырча, күрөкчө, кышкы дөңгөлөк болуусу керек.

Өзгөчө кырдаалдарга кабыл болсоңуз, 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий