• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: КРда 2018-жылы табигый кырсыктардан 18 адам, өрттөн 59у көз жумуп, 150 адам чөгүп кеткен

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда 99 ири табигый кырсык катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, табигый кырсыктардан 18 адам көз жумган.

“Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген материалдык зыян 1 млрд. 214 млн. сомду түзгөн. 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 70%га аз болгон, бирок алардан келтирилген зыян 15%га көп болгон. Бул Ош, Кара-Кол жана Бишкек шаарларындагы базарларда болгон өрттөргө байланыштуу. 2018-жылы өлкөдө 14 миң 80 өрт кырсыгы катталган. Алардын жыйынтыгында 59 адам көз жумуп, келтирилген зыян 843 млн. сомду түзгөн”, - дейт Мамбетов.

Ал кабарлагандай, былтыр 150 адам сууга чөгүп, алардын 108и жайкы сууга сүзүү мезгилинде катталган.

Пикир

Оставить комментарий