• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Кыргызстанда бир күн ичинде 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Өлкө аймагында бир күн ичинде 11 өрт кырсыгы катталгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облусунун Низами көчөсүндөгү турак үйдүн 12 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Өзгөн районунун Орозбеков көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган 2 кабаттуу бастырманын 110 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

Мындантышкары, Чүй облусунун Кайназарова көчөсүндөгү мончонун ичинин 20 чарчы метри күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий