ӨКМ: Кыргызстанда бир күндө 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарында - 5, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 6, Ош облусунда - 3 өрт катталган.

Бишкектеги Москва көчөсүндө жайгашкан “Камэк” клиникасынын от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Калган учурларда куураган чөп өрттөнгөн.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында “Белек” базарында жайгашкан дүкөндүн 6 чарчы метр ички жасоолгосуу күйгөн. Тилсиз жоонун себеби учурда такталууда.

Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Байтик көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр чатыры жана 500 түк чөп күйгөн.

Нарын облусуна караштуу Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби -электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагы,ндагы Правда айылында жыгач устундуу тунуке жабылган эки кабаттуу сарайдын 100 чарчы метр чатыры, 400 түк чөп жана 500 боо жүгөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий