• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үй талаптарга дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Нарын шаарындагы Өзгөчө кырдалдар министирлигинин кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча инспекторлорунун текшерүүсүнүн натыйжасында маалым болду.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, тагыраагы “Эко-Строй-Сервис” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш энергетикалык, өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугу сакталбай курулуп баштаган. “Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин” 211-беренесиндеги талаптар сакталбагандыгы үчүн курулуштун иш башкаруучусу Самидинов Азамат Асылбековичке жеринен протокол түзүлүп“7500 (жети мин беш жүз) сом” административдик айып салынып, толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

Андан сырткары келтирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча бир ай мөөнөт берилди. Коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса, курулушту жүргүзүү токтотулуп, иш сотко өтөт.

Пикир

Оставить комментарий