• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ кызматкерлери окуудан өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) борбордук аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүкчөлөрүнүн) башкы жана жетектөөчү адистери атайын окуудан өтүшөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, окуулар үстүбүздөгү жылдын 4-6-сентябрь күндөрү ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунунда өтөт.

"Окуулар бекитилген программага ылайык төмөнкү темаларда өткөрүлөт: “Кыргыз Республикасынын калкынын жана аймагынын табигый кырсыктарга кабылдоосу боюнча жалпы обзор, өзгөчө кырдаалдарга баа берүү жана классификациялоо, Жарандык коргонуу мамлекеттик тутуму, анын иштөө режимдери, коомдук жайлардагы өрт коопсуздугунун талаптары, алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары", - деп айтылат маалыматта.

Окуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар учурунда өз багыты боюнча тапшырмаларды аткарууну уюштуруу, өзгөчө кырдаалдардан коргоо иш-чараларынын мерчемдерин түзүү, тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий