• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ кызматкерлеринин 10 пайызы аттестациядан өтө алган жок — министр

Коом 0


Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аттестациядан өтүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, аттестациянын максаты кызматкерлердин санын кыскартуу эмес, алардын дене тарбиясын жана жөндөмдүүлүгүн текшерүү болду.

“Кызматкерлер үч ай даярдык көрүп, теориялык жана практикалык сынактарды тапшырды. Жыйынтыгында кызматкерлердин 10%ы аттестациядан өтө алган жок”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий