• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар жок – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө медицина кызматкерлери коронавирус жуктурган учурлардын саны 172ни түзөт. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери коронвируска чалдыккан.

Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656ны түзөт. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий