• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 01.03.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-3-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар деп билдирет ӨКМ кызматы.

Ала ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94-чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында, кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2-3-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын пахта себүүчү аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий