• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Кызыл-Кыя шаарында сарай, Ноокенде турак үй өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек 29.06.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында сарай, Ноокенде турак үй өрттөндү. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы Умаров көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 90 чарчы метр аянты жана 170 даана чөп күйгөн.

Андан тышкары, 29-июнь күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Жон-Арык айылынын Дамаш көчөсүндө жайгашкан турак үйүдүн 80 чарчы метр бастырмасынын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен Дамаш көчөсүнүн №18 үйүнүн 266 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйүп кеткен.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий