• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Лейлектеги сел калдыктарын тазалоо иштерине 50дөн ашык куткаруучу тартылды

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө. Бул иш-чараларга 50дөн ашуун куткаруучу тартылды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Эске сала кетсек, 2-майда саат 18:30дар чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда жаап өткөн жаандын кесепетинен Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде тоолордон келген сел суулары арыктан ашып, турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн, огороддорун, бала-бакчанын жер төлөөсүн, Исфанасай сел өтүүчү сайдын 170 метр сел тосмону сел суулары жууп кеткен. Ошондой эле Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 380-чакырымын, Исфана-Андарак-Көкташ унаа жолунун 10-27-чакырым аралыгын, Самат-Замборуч-Жаркыштак унаа жолунун 8-27-чакырым аралыгын кум шагылга толтурган.

"Абал министр Замирбек Аскаровдун жеке көзөмөлүндө. Жеринде министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ иштеп жатат. Тазалоо жумуштарына 50дөн ашуун куткаруучу жана 1 жүктөгүч, 2 грейдер тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий