• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: өлкө аймагында бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир суткада 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аларды өчүрүүгө 22 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Алсак, Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Мисалга, Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы Мамбетов көчөсүндө жайгашкан мөмө-жемиш сатуучу дүкөндүн 40 чарчы метр пластик шыбы, ички жасалгасы жана жыгач текчелери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы үйлөрдүн биринин жыгач устундуу шифер жабылган сарайынын 40 чарчы метр чатыры жана 60 түк чөп күйгөн.

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районунда иштебей калган пахтаны кайра иштетүүчү цехтен өрт чыгып, өрт өчүрүүчү бөлүм жеткенге чейин тилсиз жоо өчкөн.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, калган учурларда куураган чөптөр, үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий