• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Өлкө аймагында дезинфекция иштери уланууда

Коом 0

️Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Өлкө аймагында дезинфекция иштери уланууда, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

ӨКМден коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде өлкө аймагында аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

Ага ылайык, 19-майда Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичинде шаар боюнча 7290 м2 имараттын ичи, 427 649 м2 имараттын сырты жана 3 656 695 м2 погондук унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Чүй облусу боюнча 38 000 м2 погондук унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Нарын облусу боюнча 7570 м2 имараттын ичи, 3695 м2 имараттын сырты жана 38 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Талас облусу боюнча 4 200 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Ысык-Көл облусу боюнча 2585 м2 имараттын ичи, 5390 м2 имараттын сырты жана 6500 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Жалал-Абад облусу боюнча 6 690 м2 имараттын ичи, 7 158 м2 имараттын сырты жана 30 043 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Ош облусу боюнча 13 160 м2 имараттын ичи, 13 800 м2 имараттын сырты жана 78 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

- Ош шаары боюнча 920 м2 имараттын ичи, 14 950 м2 имараттын сырты дезинфекцияланды.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде аткарылууда: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдору.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий