• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ өлкө аймагында катталган катуу шамал боюнча маалымат таратты

Коом 0

Бишкек, 24.04.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында катталган катуу шамал боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-мартта болжол менен саат 18:00дөн 20:00гө чейин Баткен жана Талас облустарынын аймагында секундасына 14-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.
Алдын ала алынган маалымат боюнча катуу шамалдан Талас районунун Кум-Арык айылында 1 турак үйдүн чатырын шамал учурган, Баткен облусу боюнча абал тынч.
“Андан тышкары Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Алдын ала алынган маалымат боюнча шамалдын кесепетинен жабыркагандар жок”,-деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метр жана андан жогору, ал эми тоолу райондордо 35 метр жана андан жогору болгондо өзгөчө кырдаал деп аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий