• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Өлкө аймагында үшүк жүрөт

Коом 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Өлкө аймагында үшүк жүрөт, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2-3-октябрь күндөрү түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

4-октябрда жана 5-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-октябрда күндүз жана 6-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-октябрда күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий