• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Өлкө аймагында сутка ичинде 84 миң погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаадар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-июнда өлкө боюнча 12 миң 360 м2 имараттын ичи, 20 миң 200 м2 имараттын сырты, жалпы 32 миң 560 м2 аймак жана 84 миң 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 65 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунунда 16 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 85 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2360 м2 имараттын ичи, 420 м2 имараттын сырты жана 13 400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 44 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 32 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 285 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 2450 м2 имараттын ичи, 1780 м2 имараттын сырты жана 14 000 погондук авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 10 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 4500 м2 имараттын ичи, 4400 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып 23 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 2100 м2 имараттын ичи, 600 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 16 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 8000 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 20 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 950 м2 имараттын ичи, 13 000 м2 имараттын сырты дезинфекцияланып, 13 литр суюк хлор колдонулду;

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий