• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Өлкө боюнча 221 924 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык кечээ, 6-май күнү өлкө боюнча 47 020 чарчы метр имараттын ичи, 174 904 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 221 924 чарчы метр аймак жана 708 200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 201 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 388 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 509 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1720 чарчы метр имараттын ичи, 2855 чарчы метр имараттын сырты жана 4200 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 29,5 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 6327 чарчы метр имараттын ичи, 88519 чарчы метр имараттын сырты жана 6000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 264 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 6890 чарчы метр имараттын ичи, 30120 чарчы метр имараттын сырты жана 69 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 814 кг хлор, 161 даана хлор таблеткасы жана 0,6 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 26 900 чарчы метр имараттын ичи, 29 738 чарчы метр имараттын сырты жана 7700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 170 кг хлор колдонулду;

Ош шаарында 2850 чарчы метр имараттын ичи, 7500 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 70 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 5900 чарчы метр имараттын сырты, 120 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 361,5 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2333 чарчы метр имараттын ичи, 10 272 чарчы метр имараттын сырты жана 7000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 22 литр суюк хлор, 3 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Талас облусунда 105 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 170 кг хлор колдонулду.

“Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий