• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ: Өлкө боюнча имараттардын ичи-тышын дезинфекциялоого 6 миңден ашуун куткаруучу тартылды

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Өлкө боюнча имараттардын ичи-тышын дезинфекциялоого 6 миңден ашуун куткаруучу тартылды. Бул тууралуу коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында жүргүзүлгөн дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат берип жатып ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 1-майга чейинки аралыкта өлкө боюнча 8 472 481 чарчы метр имараттын ичи, 35 013 504 чарчы метр имараттын сырты жана 33 575 150 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланган. Бул иш-чарага 6 миң 20 куткаруучу тартылган.

Алсак, Чүй облусунунда 1 103 5162 чарчы метр имараттын ичи, 1 211 204 чарчы метр имараттын сырты, 10 015 221 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 16 608 кг хлор, 487 литр суюк хлор, 600 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Нарын облусунда 372 416 чарчы метр имараттын ичи, 929 338 чарчы метр имараттын сырты жана 1 383 052 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 7942 кг хлор, 215 литр суюк хлор, 600 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Ысык-Көл облусунда 386 188 чарчы метр имараттын ичи, 1 425 430 чарчы метр имараттын сырты, 1 666 295 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 6087 кг хлор, 2338,1 литр суюк хлор, 2212 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Жалал-Абад облусунда 210 097 чарчы метр имараттын ичи, 686 158 чарчы метр имараттын сырты жана 3 758 680 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 9396 кг хлор, 18 010 даана хлор таблеткасы жана 20 104 литр суюк хлор колдонулган.

Ош облусунда болсо 5 737 303 чарчы метр имараттын ичи, 29 537 128 чарчы метр имараттын сырты жана 10 463 103 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланган. Жалпысынан 13 593 кг хлор, 19 000 литр суюк хлор, 1828 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Ош шаарында 415 645 чарчы метр имараттын ичи, 222 669 чарчы метр имараттын сырты жана 414 099 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 300 кг хлор, 3778 литр суюк хлор, 778 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Баткен облусунда 207 771 чарчы метр имараттын ичи, 672 296 чарчы метр имараттын сырты жана 2 185 760 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 2041 кг хлор, 1505 литр суюк хлор, 735 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Талас облусунда 38 545 чарчы метр имараттын ичи, 228 042 чарчы метр имараттын сырты жана 1 386 140 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 2461 кг хлор, 800 даана хлор таблеткасы колдонулду.

Ал эми Бишкек шаарында 1000 чарчы метр имараттын ичи, 101 239 чарчы метр имараттын сырты жана 2 302 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланган. Бул максатта 17 470 кг хлор, 100 литр суюк хлор колдонулду.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багыттагы иштер уланууда. Иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий