• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Өлкө боюнча жалпы 565 миң 529 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Кечээ, 30-апрелде өлкө боюнча 73 559 чарчы метр имараттын ичи, 491 970 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 565 529 чарчы метр аймак жана 274 055 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 178 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 30 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 90 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 2636 чарчы метр имараттын ичи, 1670 чарчы имараттын сырты жана 17 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 51 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 28 965 чарчы метр имараттын ичи, 8555чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 39,5 кг хлор,100 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 7720 чарчы метр имараттын ичи, 22 680 чарчы метр имараттын сырты жана 92 555 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 163 кг хлор, 207 даана хлор таблеткасы жана 916 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 29 900 чарчы метр имараттын ичи, 437 533 чарчы метр имараттын сырты жана 106 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 4070 кг хлор колдонулду;

Ош шаарында 1850 чарчы метр имараттын ичи, 9500 чарчы метр имараттын сырты жана 13 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 400 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 2488 чарчы метр имараттын ичи, 12 032 чарчы метр имараттын сырты жана 14 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 30 кг хлор, 22 литр суюк хлор, 6 даана хлор таблеткасы колдонулду;

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий