• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Өлкөдө сутка ичинде 263 миң 190 чарчы метр аймак дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кечээ, 1-майда өлкө боюнча 134 464 чарчы метр имараттын ичи, 128 726 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 263 190 чарчы метр аймак жана 1 261 450 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 205 куткаруучу тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 707 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланды.

Нарын облусунда 1 974 чарчы метр имараттын ичи, 1 610 чарчы метр имараттын сырты жана 93 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Ысык-Көл облусунда 119574 чарчы метр имараттын ичи, 16 500 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланды.

Жалал-Абад облусунда 2600 чарчы метр имараттын ичи, 11782 чарчы метр имараттын сырты жана 150 650 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Ош облусунда 3 750 чарчы метр имараттын ичи, 13 490 чарчы метр имараттын сырты жана 116 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Ош шаарында 2450 чарчы метр имараттын ичи, 5 500 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланды.

Бишкек шаарында 11 110 чарчы метр имараттын сырты, 109 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 418 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 4116 чарчы метр имараттын ичи, 691 150 чарчы метр имараттын сырты жана 41 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Талас облусунда 43 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Учурда иштер уланууда.

Иш-чаралар Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий