• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ өлкөнүн унаа жолдорунда кар көчкүнү атайылап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология Агенттигинин божомолдоосуна ылайык, Ош облусунун Сары-Таш-Кара-Мык (98-123-135-чм), Дароот-Коргон-Чек (2-чм) автоунаа жолдорунда жана Батман көл участкасындагы (124-чм) кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

2017-жылдын 14-февралынан 19-февралына чейин Ош облусунун Сары-Таш-Кара-Мык (98-123-135-чм), Дароот-Коргон-Чек (2-чм) автоунаа жолдорундагы жана Батман көл участкасында (124-чм) кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт.

Аталган иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат.

КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.

Эскертүү, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 351-365-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу участкасынын 42-44чм), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 60-68-чакырымдарында (Барскоон, Сөөк ашуулары) кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл.Кар көчкү коркунучуна байланыштуу, аталган тоолуу участкалар менен жол жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.

Аталган иш-чаралар КР Премьер-министри - КР Жарандык коргонуунун башчысынын буйругунун негизинде аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий