• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Лыжа базаларындагы асма жолдордо калып калгандар куткарылды, жабыркагандар жок

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу тоо-лыжа базаларындагы асма жолдордо калып калган эс алуучулар автономдук генераторлордун жардамы менен толук куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган. Анын себеби Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергошакекчеде авария болгону айтылат.

Пикир

Оставить комментарий