• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндө жол боюндагы май алмаштыруучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен май алмаштыруучу жайдын 684 м2 аянты күйгөн, жабыркагандар жок.

Эске сала кетсек, кечээ, 11-декабрда болжол менен түнкү саат 21:05 чамасында Раззаков көчөсүнүн №19А дарегинде жайгашкан “Градиент” май алмаштыруучу жайынан өрт чыккан.

“Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 6 бөлүм жана 1 автоунаа шатысы тартылды. Өрт саат 23:12де чектөөгө алынып, саат 01:18де толугу менен өчүрүлдү”,-деп билдиришти ӨКМден.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.

Пикир

Оставить комментарий