• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ мештерди колдонууда өрт коопсуздугун эске алууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мештерди колдонууда өрт коопсуздугун эске алууга чакырат, деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Төмөндө өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында адистерден сунушмалар келтирилген.

Турак үйдө өрт кырсыгын алдын алуу үчүн:

1. Газ приборлорун, электр жылыткычтарды жагылган боюнча кароосуз калтырбаңыз;

2. Үйүңүздөгү бардык электр зымдарын жана кабелдерин монтаждоо атайын адис тарабынан аткарылсын жана дайыма оң абалда кармаңыз;

3. Электирдик эсептегичте заводдо жасалган электр предохранителин орнотуу зарыл;

4. Сынган, оң абалда эмес электр күйгүзгүчтөр, розеткалар, патрондор өз убагында алмашылсын;

5. Электр жылыткычтар, үтүк, электр чайнектерди күйбөөчү таканчыктарга коюңуз жана баардыгын бир убакытта иштетпеңиз;

6. Газ приборлорунун жанынан мебелдерди жана башка күйүүчү материалдарды алып таштаңыздар;

7. Чатырларды, жертөлөнү жана короонун айланасын күйүүчү таштандылардан тазалоо керек;

8. Мештин күлүн чогултуу үчүн атайын темир идишин жасап же болбосо имараттан 10 метр алыста чуңкурча казып күлдү ал жерге таштаңыз.

Мештерди пайдалануудагы өрт коопсуздук эрежелери:

1. Мешти жана алардын моруларын оңдоп түзөңүз, күйүүчү материалдардан алыс жайга орнотуңуз;

2. Мештин жана морунун ички тарабынан күйүүчү материалга карата болгон аралыгын бийиктик жана туурасынан 38 см ден кем болбошу керек;

3. Ар бир мештин от жагуучу эшигинин алдындагы күйүүчү жер таманга өлчөмү 50Х70 см болгон жука темир кадалышы зарыл;

4. Мору тик абалда орнотулуп, ылайдан жасалган кыштан куралыш керек. Чатырдагы бардык түтүн каналдары өтүүчү жерлерди, түтүн түтүктөрүн тазалап, дубалдарын акиташ менен сырдап коюңуз;

5. Моруларды өз убагында ыштан тазалап туруу керек, моруга жакын күйүүчү материалдарды жыйбаңыз;

Мешти колдонууда тыюу салынат:

1. Керамика, асбоцементтен жана темир найдан мору орнотууга;

2. Мешти колдонуу учурунда эшиктерин ачык калтырууга;

3. Мешке жакын аралыкта кийим-кечелерди жайып, отундарды жыйып кургатууга;

4. Турак-жайды өзгөчө кырдаалдардын таасиринен коргоо максатында милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүү.

Пикир

Оставить комментарий