• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат

Аймак 0

Бишкек, 24.01.23./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Кечээ, 23-январда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы облустун аймагында жайгашкан дарыя, канал, көлмөлөрдө тоңгон музда жылгаяк тепкен балдарга коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.

Анда дарыя, каналдардын үстүндө муз тебүү өмүргө кооптуу экендиги тыкыр эскертилип, ата-энелерин көзөмөлгө алууга чакырышты.

Ошондой эле кызматкерлер айылдардагы мектеп окуучуларына да муз үстүндөгү коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берип, сак болууну эскертишти.

Эскерте кетсек, 22-январда Ош облусунун Алай районунда муздун астынан 6 жашар кыздын сөөгү табылган, кыз тоңгон муздун астына чана тээп жатып кирип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий