• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ӨКМ: Нарын облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/.Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 31-май күнү Нарын облусунун аймагында 555 чарчы метр имараттын ичи, 4945 чарчы метр имараттын сырты жана 37 800 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 326,5 кг хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий