• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Нарын облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/.2020-жылдын 18-мартынан тартып 15-майга чейин Нарын облусунун аймагында 395 530 чарчы метр имараттын ичи, 1 037 357 чарчы метр имараттын сырты жана 1 909 152 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 10 327 кг хлор, 215 литр суюк хлоржана 600 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий