• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ноокен районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 5-майда болжол менен саат 18:30дар чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кызыл-Туу айылында сугат каналынан суу ашкан. Анын кесепетинен болжол менен 20 гектар жашылча эгилген айдоо аянттын, 15 үйдүн короосун сел сууларын каптап, 50гө жакын койду агызып кеткен.

Жеринде КР ӨКМдин Ноокен райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 32 куткаруучу, 2 жүктөгүч тартылып, селдин кесепетин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий