• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Оюндар от чыгып, 3 тонна саман күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Нарын облусунун Көк-Жар айылындагы Исагалы көчөсүнүн 19-дарегинде ачык аянтта 3 тонна саман күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрда болжол менен саат 17:08 чамасында катталган. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн себеби жаш балдардын от менен ойногондугунан улам келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий