• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Тельман айылында Бажы кызматынын терминалындагы унаа токтотуучу жайдагы Фура оор жүк ташуучу унаасынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 15-февралда болжол менен саат 00:53 чамасында чыккан.

“Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн 5 бөлүм тартылып, өрт саат 2:22де чектөөгө алынып, саат 10:40да толук өчүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий