• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: "Ош" базарынын аймагындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Ош" базарынын аймагындагы турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57-А жана №57-Б турак үйлөрүнөн чыккан өрт саат 17:47де толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

"Саат 15:30да чыккан өрт 16:21де чектөөгө алынды. Жалпысынан өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылды", - деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий