• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ош облусунда 8 айда өрттөн үч адам каза болду

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Ош облусунда 202 өрт кырсыгы катталып, өрттүн саны 20,5% азайган.Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришкендей, облуста былтыр ушул мезгилде 254 өрт катталган болчу.

Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 32 млн 598 миң 234 сомду түзгөн. Тилсиз жоодон 8 айда үч адам каза болгон, жабыркагандар жок. Өздүк курамдын күчү менен 58 млн 122 миң 500 сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 58 (51,9%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 25 (12,4%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 35 (6,4%);

-балдардын от менен ойноосуунан – 15 (7.4%)

Өрттөн болгон негизги объектилер:

-турак жай сектору – 79 (67,3%);

-унаа, гараж, турук (стоянка) –11 (5,3%);

-кампалар, соода бөлмөлөр – 4(2%);

-ачык аянттар – 9 (2%).

Кара-Суу району – 62, Өзгөн району – ​ 43, - Ноокат району – 33, Араван району – 25, Кара-Кулжа району – 20, Алай району – 12, Чоң-Алай району – 7 өрт катталган.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болгон – 79.

Пикир

Оставить комментарий