• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ӨКМ: Ош облусунун аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан облустун аймагы үзгүлтүксүз дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 920 чарчы метр аянт, 300 погондук метр жол, 3500 чарчы метр имараттардын ичтерине жана Чон-Алай районунда 1444 чарчы метр аянтка тактап айтканда, дүкөндөргө, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлерине, балдар ойноочу аянтчаларга, дарыканаларга, банктарга, райондук мамлекеттик администрациясына, автоунаа жүрүүчү жолдорго жана башка эл көп барган жерлерге хлор аралашмасы чачылды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо республикасынын бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий