• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ӨКМ: Ош облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кечээ, 17-майда Ош облусунун аймагында 3000 чарчы метр имараттын ичи, 500 чарчы метр имараттын сырты жана 12 000 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоо иштерине жалпы 140 кг хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

«Дезинфекциялоо иштери коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жургүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий