• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош облусунун аймагында дезинфекция иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 8-июнуна чейин Ош облусунун аймагында 6 млн 22 миң чарчы метр имараттын ичи, 30 млн 186 миң чарчы метр имараттын сырты жана 11 млн 600 миң погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 21 081 кг хлор, 19 708 литр суюк хлор жана 2828 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий