• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ: Ош облусунун райондорун залалсыздандыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Ош облусунун райондорун залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү тарабынан кечээ, 27-апрелде Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат, Алай, Чоң-Алай райондорунун аймактарындагы банктар, азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, дарыканалар, автоунаага май куючу жайлар жана башка эл көп барган жерлер залалсыздандырылды.

Жалпысынан, 8 даана өрт өчүрүүчү автоунаа, 42 куткаруучу тартылды.

Эскерте кетсек, залалсыздандыруу иштери өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий