• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда саат 20:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 70-чакырымын каптап, унаа жол жабылып жана Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна кирген.

Жерине тазалоо иштерине ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн 5 куткаруучудан турган ыкчам тобу, 1 грейдер, 3 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, саат 23:40та унаа жолу толук тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий