• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Ош шаарында мончодо өрт чыкты. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Ош шаарында мончодо өрт чыкты, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-июлда Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан мончодо өрт чыккан. Тилсиз жоо болжол менен саат 20:21де чектөөгө алынып, саат 21:04тө толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрттүн жалпы аянты болжол менен 145 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий