• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ӨКМ: Ош шаарында залалсыздандыруу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус пандемиясынын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-июнда ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы 54 турак үйдүн кире бериш дарбазалары, дарыканалар, азык-түлүк саткан дүкөндөр, банктардын айланасы, базарлар, милиция, медицина борборлорунун имараттары жана башка эл көп барган жерлерге хлор аралашмасы чачылды.

Залалсыздандыруу иштери өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий