• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ӨКМ: Ош шаарынын тургундарына сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Ош шаарынын тургундарына сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүүдө, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы тарабынан ар жуманын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Ош шаарын аралап өткөн каналдардын жана Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алууга киринүүгө келген жарандарга суу коопсуздугу эрежелери боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматы сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге түшүүгө тыюу салына тургандыгын эске салат. Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл бурушу керек.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, ӨКМдин кызматкерлери тарабынан республиканын бардык аймагында калк арасында суудагы коопсуздук эрежелерин, балдарын кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий