• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Ошто дайынсыз жоголгон аңчы табыла элек

Коом 0

Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Ош облусунун Алай районундагы Октябрь айылынын тургуну аң уулоого чыгып кеткен боюнча табыла элек,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, аталган айылдын Д.Матишов аттуу тургуну үстүбүздөгү жылдын 28-январында Сары-Күнгөй тоосун көздөй аңчылыкка кеткен.

Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсү менен ошол эле саат 16:00дө акыркы жолу байланышка чыккан.

“Издөө иштерин жүргүзүү КР ӨКМнин Алай райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 110 адам, РИИБден 19 кызматкер, Бүлөөлү айыл аймагынан 31 адам издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бирок азырынча табыла элек”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий