• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ӨКМ: Ошто кар көчкү түшкөн унаа жолдор тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Ошто кар көчкү түшкөн унаа жолдор тазаланls Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-13-февраль күндөрү жаап өткөн кардын кесепетинен саат 13:00-14:00 аралыгында Өзгөн районунун "Кара-Кулжа-Алайкуу" мамлекеттик маанидеги унаа жолунун Тамчы чегинин 74-75 , Кыргый чегинин 87-88-89-чакырым аралыгында бир нече жерден майда кар көчкүлөр түшкөн.

Болжол менен жалпы 450-500 куб метр кар түшүп, жолду жаап калган. Унаалар өтүүчү жолду тазалоо үчүн 1 бульдозер, 2 автожүктөгүч тартылып, кар тазаланып, жол каттамы калыбына келтирилген.

Учурда сапарга чыккан айдоочуларга тоскоолдук жаратпай, кырсыктын алдын алуу максатында ыкчам түрдө атайын техникалар жолду кеңейтүү жана баштапкы калыбына келтирүү иштерин улантууда.

Такталган маалыматка ылайык, учурда жол каттамы ачык.

Пикир

Оставить комментарий