• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ӨКМ пандемия учурунда гумжардамдарды жеткирүү жана алып келүү боюнча иштерди улантууда

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пандемия учурунда гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана алып келүү боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы Азамат Мамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бөлүнгөн 6 миң 139 кг медкаражаттар Кытайга жеткирилди.

“Өкмөттүн тапшырмасынын негизинде Өзбекстанга 1 миң тонна цемент, 3 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, Тажикстанга 200 тонна буудай уну, 400 даана жууркан, 550 даана гигиеналык каражат, Афганистанга 25 тонна ун, 1 миң даана жууркан, 200 даана тазалык каражаты, 25 тонна өсүмдүк майы жана 10 тонна күрүч жеткирилди. Биздин өлкөгө келген гумжардамды да жер-жерлерге жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий